Төө-Ашууда өрттөнгөн унааны өчүрүшкөн экинчи милиционер көз жумду

Төө-Ашууда өрттөнгөн унааны өчүрүшкөн экинчи милиционер көз жумду

Бишкек — Ош жолунда (Төө-Ашуунун ичи) күйүүчү май ташыган унаадан чыккан өрттү өчүрүүгө жардамдашып жатып жараат алган экинчи милиция кызматкери Орозмамат Акуналиев көз жумду. Бул тууралуу Баткен облустук милициядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, 27-октябрда Кызыл-Кыя шаардык милициянын кызматкерлери – 30 жаштагы капитан Орозмамат Акуналиев менен 41 жаштагы майор Дилмурат Шамшиев иш сапардан келе жатып, өрттөнүп жаткан унааны көрүп калган. Алар унаанын айдоочусун өрттөн куткаруу үчүн токтоп, жардам берип жатканда жараат алып, ооруканага түшкөн. Майор Шамшиев 1-ноябрда каза болгон.

Маалыматка караганда, Орозмамат Акуналиев Кызыл-Кыя шаардык милициясында тергөө кызматынын улук тергөөчүсү кызматында иштеген, милициянын капитаны болгон. 30 жаштагы Орозмамат Акуналиевдин артында 2 уул, 1 кызы калды.

«Орозмамат Акуналиев 1993-жылы 12-мартта Ош облусунун Ноокат районунун Кулатов айылында төрөлгөн. Ал — ИИМдин Э.Алиев атындагы Академиясынын бүтүрүүчүсү, Өзгөн , Ноокат райондук жана Ош облустук милициясында кызмат өтөп, 2021-жылдан бери Кызыл-Кыя шаардык милициясында тергөө кызматынын улук тергөөчүсү болуп үзүрлүү эмгектенип келген», — деп айтылат маалыматта.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Орозмамат Акуналиевдин үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

Эскерте кетсек, 27-октябрда Бишкек – Ош жолунун 96-чакырымында (Төө-Ашуунун ичи) күйүүчү май ташыган унаа оодарылып кетип, өрттөнгөн. Жолдо бараткан унаалардагы адамдар өрттү өчүрүүгө жардам берүү үчүн токтогон. Бир маалда күйүүчү май ташыган унаанын цистернасы жарылып, өрт жакын жерде турган унааларга өтүп кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 4 адам жабыркап, ооруканага түшкөн. Алардын экөө Баткен облустук милициясынын кызматкери болгон.

Төө-Ашууда өрттөнгөн унааны өчүрүүгө жардамдашкан милиционер каза болду

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>