Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды

Түркияда Чыңгыз Айтматов атындагы китепкана ачылды

Түркиянын Анталья шаарынын Муратпаша муниципалитетинде Чыңгыз Айтматов атындагы сейил бакта кыргыздын чыгаан жазуучусунун атындагы китепкана ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Китепкана Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата ачылган. Иш-чарага элчи Руслан Казакбаев, башкы консул Рустам Кошонов, жазуучунун уулу Элдар Айтматов, Анталья облусунун губернаторунун орун басары Мустафа Хулуси Арат жана башкалар катышкан.

Иш-чара Кыргызстандан келген акындардын айтышы менен башталып, келген коноктордун куттуктоо сөзүн сүйлөгөн. Элчи Руслан Казакбаев өз сөзүндө дүйнөлүк адабиятка эбегейсиз салым кошкон Чыңгыз Айтматовдун улуулугун баса белгилеген. Ал билдиргендей, китепкананын ачылышы түрк элинин Айтматовго болгон терең сый-урматын көрсөтүп турат.

Иш-чаранын алкагында жазуучунун реставрацияланган бюстун ачуу аземи да болду. Бюстун калыбына келтирүү иши Кыргызстандын Анталья шаарындагы Башкы консулдугунун демилгеси менен Аланиядагы мекендешибиз Венера Кожоеванын көмөгү менен ишке ашырылган.

«Иш-чарага карата парктын аймагында улуттук боз үй орнотулуп, анда конокторго кыргыздын улуттук даамдары жана суусундуктары, ошондой эле улуттук кийизден жасалган буюмдар, кийимдер жана сувенирлер тартууланды.

Башкы консул Рустам Кошонов жетектеген Кыргызстандын Антальядагы Башкы консулдугу Муратпаша райондук мэриясы менен биргеликте китепкананы ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруунун үстүндө бир жыл бою иш алып барды», — деп айтылат маалыматта.

Элчилик менен Антальядагы Башкы консулдук бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга салым кошкон адамдардын бардыгына терең ыраазычылык билдирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>