Бир жумада өлкөдө 18,7 миң жол эреже бузуу аныкталды

06.11.2023 | 16:45

Кыргызстанда бир жумада 18 миң 711 жол эреже бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди

Маалыматка караганда, аталган жол эреже бузуулар 30-октябрдан 5-ноябрга чейин аныкталган.

Алардын ичинен:

  • Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 262;
  • Мас абалында унаа айдагандар – 264;
  • Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 42;
  • Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 922;
  • Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 миң 781;
  • Автоээнбаштык – 4;
  • Ылдамдыкты ашырып айдоо – 3 миң 955;
  • Унаасына жалган мамлекттик номер тагып алгандар – 3;- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 733;

Ошондой эле 1 миң 541 унаа айып короого токтотулган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top