Кыргызстанда санкция тобокелдигинен улам 19 компания мажбур менен жабылышы мүмкүнБишкекте батир алдамчылыгына шектүү жаран кармалдыБаланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду — пилоттук долбоор Нарында башталдыМектептерде 8-класстар үчүн биология, химия боюнча профилге чейинки даярдоо сабактары киргизилетБишкекте ири соода борборлор жана базарлар 31-августтан 2-сентябрга чейин жабылатОрусияда кароосуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды
Бир жумада өлкөдө 18,7 миң жол эреже бузуу аныкталды
06.11.2023 | 16:45
Кыргызстанда бир жумада 18 миң 711 жол эреже бузуу катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди
Маалыматка караганда, аталган жол эреже бузуулар 30-октябрдан 5-ноябрга чейин аныкталган.
Алардын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок унаа башкаруу – 262;
- Мас абалында унаа айдагандар – 264;
- Унаанын айнектерин мыйзамсыз караңгылатуу – 42;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 922;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 2 миң 781;
- Автоээнбаштык – 4;
- Ылдамдыкты ашырып айдоо – 3 миң 955;
- Унаасына жалган мамлекттик номер тагып алгандар – 3;- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 733;
Ошондой эле 1 миң 541 унаа айып короого токтотулган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом