Муфтият “Палестинага жихад” кайрылуусуна азгырылбоого чакырат

Муфтият “Палестинага жихад” кайрылуусуна азгырылбоого чакырат

Муфтият Израилдин Палестина элине каршы согуштук аракеттерин “адамзаттына каршы кылмыш” деп атады. Бул тууралуу  Кыргызстандын  мусулмандарынын аалымдар кеңешинин билдирүүсүндө айтылат.

Алардын айтымында, Палестинага барып, согушка катышуу шарияттын эрежелерине туура келбейт. Аалымдар жарандарды Газа секторуна гуманитардык жардам көрсөтүүгө чакырат.

“Эң негизгиси, материалдык жардам көрсөтүү шариятыбыздын учурдагы абалга карата мойнубузга жүктөгөн талабы болуп саналат. Палестина калкына карата жарыяланган каргашалуу согушка байланыштуу соцтармактарда ар кандай чакырыктар жайылып жатат. Эмоциалдык сезимдерге алдырып жеке же кандайдыр бир уюшкан топтор менен бирге жихад деген ниетте Палестинага баруу шарияттык эрежелерге сыйбайт деп эсептейбиз”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМК Палестинага барууга камынгандарга эскертүү берген.

Белгилей кетсек, Бишкекте эки жолу Израилдин чабуулуна жана блокадасына кабылган Газа секторун колдоп 2 митинги өттү. Ал жарандын активисттер тарабынан уюштурулду.

Ага чейин Жогорку Кеңеште Жакынкы Чыгыштагы жаңжалга карата Кыргызстандын көз-карашын билдирүү,  Газага гуманитардык жардам берүү маселесин көтөрүлгөн. Депутаттар бир күндүк маянасы Палестинага которуу токтомун кабыл алышкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>