Кыргызстандык балбан Алхам Абдрасулов дүйнө чемпиону болдуАйзирек Эралиеванын өлүмү боюнча сот өкүмү чыкты: Күнөөлүү 18 жылга эркинен ажыратылдыКыргызстанда аялдардын коопсуздугу боюнча масштабдуу изилдөө жүргүзүлөтЧолпон-Атадагы эс алуу жайында массалык мушташ чыктыЭми дары кымбат болсо тиркеме аркылуу арыз калтырса болотМаданият министрлиги Намыс кодексинин долбоорун коомдук талкууга койду
Милиция: Бишкекте 26 жаштагы жигит баңгизат менен кармалды
09.11.2023 | 09:30
Бишкекте 26 жаштагы жигит баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 3-ноябрда “102” кызматына “белгисиз жаран унаасында баңгизат алып жүрөт” деген маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 26 жаштагы У.Н. аттуу шектүү кармалып, Honda Civic унаасын тинтүү учурунда жыты нашаага окшош күрөң түстөгү зат табылып алынган. Анын салмагы 140 граммды түзгөн.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз