«Эл алдында тизе бүгүүгө даярмын»: Рамиз Алиев депутат Сурабалдиевага жооп бердиПрокурордун формасын кийип, акча алган: Бишкекте аял алдамчылыкка шектелүүдөКыргызстанда түн ичинде үч жер титирөө катталды, эң күчтүүсүнүн магнитудасы 5,6 болдуКыргызстанда жүзүн жашыргандар үчүн айып пулду эки эсе азайтуу сунушталуудаКыргызстандык гимнасткалар эл аралык мелдеште байгелүү орундарга ээ болуштуАбанын температурасы 22°Cге чейин жетет: 4-ноябрга карата аба ырайынан божомолу
Милиция: Бишкекте 26 жаштагы жигит баңгизат менен кармалды
09.11.2023 | 09:30
Бишкекте 26 жаштагы жигит баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, 3-ноябрда “102” кызматына “белгисиз жаран унаасында баңгизат алып жүрөт” деген маалымат түшкөн.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында 26 жаштагы У.Н. аттуу шектүү кармалып, Honda Civic унаасын тинтүү учурунда жыты нашаага окшош күрөң түстөгү зат табылып алынган. Анын салмагы 140 граммды түзгөн.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз