КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Бишкекте 1,5 жылдан бери дайынсыз болгон Эрлан Өмүрзаков изделүүдө
09.11.2023 | 10:09
Бишкекте дайынсыз болуп жаткан Эрлан Өмүрзаков изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, быйыл 19-январда милицияга аял киши кайрылып, 1987-жылы туулган уулу Эрлан Өмүрзаков 2022-жылдын апрель айынан бери дайынсыз болуп жатканын билдирген. Аял киши билдиргендей, уулу менен 2022-жылы апрель айында телефон аркылуу акыркы жолу сүйлөшкөндө, ал “Дордой” базары жакта жашап, иштеп жатканын айткан.
Белгилери: бою 170-175 см, арык чырай, көзү күрөң, чачы кыска, кара.
Милиция учурда Эрлан Өмүрзаковду издөө иштери жүрүп жатканын билдирип, аны көргөндөр же кандайдыр бир маалыматы бар жарандар болсо, 0704 103 102, 0702 498 888, 0709 332 463 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом