Прокуратура 4 ай мурда жоготкон ыйгарым укуктарын кайтарып алып жатабы?

Прокуратура 4 ай мурда жоготкон ыйгарым укуктарын кайтарып алып жатабы?

Жогорку Кеңеште 4 айдан кийин кайрадан прокуратура жөнүндө конституциялык мыйзамга өзгөртүү каралууда. Анын демилгечиси катары президент Садыр Жапаров көрсөтүлгөн.

Депутат Дастан Бекешевдун Reporter.kg’ге билдирүүсүндө, прокуратура органдарына кайра тергөө жүргүзүү укугун кайтарбаса дагы, башка функцияларын кеңейтүүдө.

“Төрт айда мурда ушул конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизилип, прокуратуранын функциялары кыскартылган. Эми кайра эле жаңы долбоор алып келишти. Бул биздин мыйзам долбоорлор чийки иштелип, жакшы анализ жүргүзүлбөгөнүн көрсөтөт”, — дейт эл өкүлү.

  • Мыйзам долбоорго ылайык прокуратура органдары эми арыз, кайрылуу жок эле кайра мекемеге тоскоолдук кирүүгө, документтерди жана материалдарды карап чыгууга укуктуу. Башкача айтканда алар кандайдыр бир текшерүү иштерин жүргүзө алышат.
  • Прокуратура кызматкерлеринин уюшкан кылмыштуу топтор, террористтик, экстремисттик, же сепаратисттик уюмдар менен байланышы же аларга тиешеси сотто далилденген учурда гана кызматтан алынат. 4 ай мурда кабыл алынган мыйзамда соттук чечимисиз эле кызматтан алуу каралган.
  • Жашыруундуулук режимин бузган прокурорду кызматтан алуу боюнча норманы күчүн жоготту деп тануу сунушталат.

“Тергөө функциялары кайра кайтарылган жок. Алар Кылмыш – жаза кодексине 7 берене киргизилип,  анда прокуратура органдары дагы тергөө жүргүзө алары айтылып, бирок ыйгарым укуктары бөлүгү өзгөрүүсүз калууда. Алар мурдакыдай эле УКМК, ИИМ жана башка аскер кызматкерлерине карата иш козгой алышат”, — дейт Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңеште мыйзам долбоорун талкуу учурунда башкы прокурор Курманкул Зулушев өзгөртүүлөрдү Аскер прокуратурасынын ишине байлаштыргынан.

“Аскер прокуратурасы иш жүргүзө албай жатат. Алар азыр аскердик кылмыштарын, ошол эле дезертирлерди текшерүүгө колу кыска болууда. Бул долбоор менен прокуратура тергөө функциясын кайтарып алган жок”, — деди ал.

Белгилей кетсек, прокуратуранын тергөө функциялары көпкө талкууга алынып, УКМК менен Башкы прокуратура ортосундагы тирешүүдөн улам өзүнчө Тергөө департаменти түзүлөрү дагы айтылган.

2023-жылдын жазында Жогорку Кеңешке конституциялык мыйзам долбоор киргизилет. Башкы прокурордун орун басары Үмүткан Конкубаева алардын көз-карашы кабыл алынбай, долбоорго киргизилбей калганын ачык айткан. Парламент үч окууда кабыл алган демилгеге Садыр Жапаров июнь айынын аягында кол коюп, анын негизинде прокуратура органдары тергөө жүргүзүү укугунан толук айрылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>