Чет өлкөдөгү кыргызстандыктар парламенттик шайлоодо кантип добуш бере алат?Бишкекте логистикалык, транспорттук жабдуулардын эл аралык көргөзмөсү өтөтМындан ары курулуш объектилеринде “Бирдиктүү паспорт” илиниши милдеттүүБишкекте дүйнө окумуштууларын бириктирген VII Эл аралык Евразиялык симпозиум болуп өттүЖогорку Кеңештин Аппарат жетекчисинин мурдагы орун басары 200 миң доллар опузалоого шектелип кармалдыКыргызстан менен Жапония бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады
Ошто каракчылыкка, экстремизмге шектүү 11 адам кармалды
10.11.2023 | 20:21
Ош шаарында ШИИБдин кызматкерлери, атайын операциялар отрядынын кызматкерлеринин жардамы менен ири куралдуу каракчылыкка жана экстремизм-терроризмге шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, жалпысынан 11 адам кармалып, 9 адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Кармалган 9 адамдын үчөө мурда каракчылык жана террордук ишке көмөктөшүү үчүн издөөдө болгон.
Алар жашаган үйлөрдөн бир нече куралдар, жарылуучу заттар, бронежилеттер жана ок-дарылар алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар