Бишкекте мурдагы «Чатыр-Көл» кинотеатрынын ордуна жаңы маданий борбор курулатКыргызстандыктар эми Apple жана Tesla акцияларын эртең менен сатып ала алышат. Бишкекте инвесторлорго жаңы мүмкүнчүлүктөр сунушталдыДанияр Амангелдиев Коопсуздук боюнча 62-Мюнхен конференциясында Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарын тааныштырдыКыргыз мунай компаниясынын директору алмаштыШКУ өлкөлөрү фитосанитардык коопсуздук жаатындагы координацияны активдештирүүдөКыргызстан менен Германия парламенттер аралык байланыштарды чыңдоодо
Эрали Аскарбек уулу жиу-житсу боюнча дүйнө чемпиону болду
13.11.2023 | 09:04
Кыргызстандык жиу-житсу боюнча спортчу Эрали Аскарбек уулу Абу-Даби шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) өткөн Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Спортчу 62 кг чейинки салмакта күч сынашкан. Ал жалпы беш беттеш өткөрүп, бардыгында тең жеңишке жеткен. Финалдык кармашта россиялык балбанды жеңип, алтын медалдын ээси болгон.
Эскерте кетсек, жиу-житсу боюнча 15-Дүйнө чемпионаты 5-10-ноябрь күндөрү Бириккен Араб Эмираттарында өтүп, ага 127 өлкөдөн келген 7 миң спортчу катышкан.