Базар-Коргондо ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча жыйын өттү

Базар-Коргондо ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча жыйын өттү

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда, 10-октябрда, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча жыйын өткөрүлдү. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйын Базар-Коргон райондук милициянын демилгеси менен райондук акимчиликте өтүп, ага райондук милициянын башчысынын милдетин аткаруучу Бактияр Мавлянкулов, райондун баш имам хатиби Абдулазиз Закиров, айыл өкмөт жана айыл башчылары, имамдар катышкан.

«Жыйындын жүрүшүндө ысырапкерчиликтин, эрте никеге туруунун, диний экстремизм жана терроризмдин, кылмыштуулуктун жана укук бузуулардын алдын алуу маселелери талкууланды», — деп айтылат маалыматта.

Иш-чарада Бактияр Мавлянкулов жыйындын катышуучуларын ысырапкерчиликтин алдын алууда милиция кызматкерлери менен биргелешип иштөөгө чакырган. Коомчулукта терс көрүнүштөргө күбө болсо, сөзсүз түрдө милицияга кабар берүү керектигин айткан. Ошондой эле кандайдыр бир мыйзам бузуулар орун алса, кызмат абалына, материалдык байлыгына карабай бардык жарандарга мыйзам чегинде бирдей чаралар көрүлөрүн эскерткен.

«Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Абдулазиз Закиров үрп-адат, каада-салтыбызга жараша дин тутуу зарылдыгын, диний ырым-жырымдарды колдонууда чектен чыкпоо керектигин айтты. Туура эмес жөрөлгөлөргө ишенбей, маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарды азайтып, салтуу динибизди карманууга чакырды. Ошондой эле имамдарга кайрылып, нике кыйып жаткан учурда жаш жубайлардын оозеки айткан сөзүнө ишенбей, сөзсүз түрдө паспортун көрүү керектигин белгиледи», — деп айтылат маалыматта.

Жыйындын соңунда катышуучулар район аймагындагы ысырапкерчиликтин алдын алууда биргелишип иштөөнү макулдашкан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>