Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Facebook аркылуу 19-ноябрдагы митингге чакырган жаран кармалды
13.11.2023 | 15:08
2023-жылдын 19-ноябрына пландалып жаткан митингге чакырган Facebook социалдык тармагындагы “Адис Жумгалов” аккаунтунун колдонуучусу, 43 жаштагы М.А.Р кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Ал массалык башаламандык уюштурууга чакырык жасоого ( Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси) шектелүүдө.
УКМКнын билдирүүсүндө, М.А.Р. жашаган үйдү тинтүү учурунда 4 даана мобилдик телефон, 1 компьютер, 2 ок атуучу курал жана ага ок-дарылар алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом