Быйыл 10 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 35,7 млрд сом жумшалды

Быйыл 10 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 35,7 млрд сом жумшалды

Быйыл 10 айда Кыргызстан мамлекеттик карызды (ички жана тышкы карыз) төлөөгө 35 млрд 771,7 млн сом жумшады. Бул тууралуу Каржы министрлигине таянып «Акчабар» каржы порталы жазды.

Аталган сумманын ичинен 26 млрд 285,1 млн сом тышкы карызды төлөөгө сарпталган: 20,5 млрд сом негизги карыз, 5,7 млрд сом үстөк пайыз.

Ошол эле учурда ички карызды төлөөгө 9 млрд 486,6 млн сом кеткен. Кызыгы ички карыз боюнча бересенин негизги суммасына караганда үстөк пайызы ашып кеткен. Ички карыз боюнча үстөк пайызга 5,23 млрд сом, ал эми негизги суммага 4,26 млрд сом сарпталган.

Эскерте кетсек, учурда Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички карыз) 5,7 млрд долларды түзөт (509 млрд 124 млн сом). Анын ичинен 78%ы тышкы карыз, калганы ички карыз болуп саналат.

Ошол эле учурда Кыргызстандын ички карызы өсүп жатканы маалым. Каржы министри Алмаз Бакетаев билдиргендей, өлкөнүн ички карызы бир жыл ичинде 49 млрд сомго өскөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>