Адахан Мадумаровдун жээни УКМКда сурак берип жатат

Адахан Мадумаровдун жээни УКМКда сурак берип жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровдун жээни, ырчы Элмурат Калыбеков УКМКга суракка чакырылды. Бул тууралуу маалыматты ал өзү Reporter.kg’ге ырастады.

Элмурат Калыбеков «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү жана Адахан Мадумаровдун колдоочусу.

Анын айтымында, УКМК күбө катары телефон аркылуу баарлашууга чакырган.

«13-сентябрда Адахан Мадумаровдун сотунда сүйлөгөн сөзүм жана биздин партиянын мүчөсү Замир Шамшидин уулунун иши боюнча чакырылып жатканымды айтышты. Эч кандай кагаз жөнөтүшкөн жок», — деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын 20дай мүчөсү камакка алынганы айтылган. Алардын катарында 70 жаштагы Салия Таштанова дагы кармалып, кийин үй камагына чыгарылган.

УКМК кармаган 70 жаштагы апа камактан чыкты, жалгыз бой эне камакта калды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>