Императордун сарайында төрт жылдан бери биринчи жолу чет элдик коноктор үчүн түштөнүү уюштурулду. Бул тууралуу Япониянын медиасы жазып чыкты.
Маалыматка караганда, император Нарухито жана императрица Масако Covid-19 пандемиясы башталгандан бери конокторду даам сызууга чакырбай калган. Бүгүн Садыр Жапаров менен анын аялы Айгүл Жапарованын урматына дасторкон жайылды.
Кыргыз делагациясына жапон улуттук тамактары тартылганы айтылат.
Император Нарухито 2011-жылы болгон жер титирөөдө Кыргызстан минералдык сууларды гуманитардык жардам катары жөнөткөнүнө ыраазычылыгын билдирди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз