Мурда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Мурда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды

Мурда бир нече жолу соттолгон жаран баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга Бишкек менен Чүйдө 35-40 жаштагы адам көп убакыттан бери «нашаа» баңгизатын сатып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат боюнча ыкчам-издөө иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада Токтогул районунан баңгизат ташып келе жаткан «курьер» аныкталып, шектүү катары 43 жаштагы Э.А. аттуу жаран Бишкектен кармалган. Тинтүү учурунда анын күрмөсүнөн баштыкка салынган 14 даана ширеңке кутусу табылып алынган. Кутулардын ичинен «нашаа» баңгизаты чыккан.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

ИИМдин маалыматы боюнча, кармалган жаран мурда бир нече жолу уурдоо жана тоноо фактылары боюнча соттолгон. Анын кылмыш дүйнөсү менен байланышы бар.

Аталган жаран баңгизатты абакта отургандарга алып баратканы аныкталган.

Сотун чечими менен ал №1 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: ИИМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>