Баткенде узундугу 22 чакырым айланма жол курулду

Баткенде узундугу 22 чакырым айланма жол курулду

Баткенде узундугу 22 чакырымды түзгөн айланма жол курулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган жол Ош – Баткен — Исфана жолунун Баткен шаарын аралап өткөн бөлүгүндөгү  унаа тыгындарын азайтуу, оор жүк ташуучу унаалардын шаарды айланып өтүүсү жана жарандардын коопсуздугун сактоо максатында салынган.

«Узундугу 16,2 чакырым болгон Чоң-Талаа — Кара-Бак — Баткен автожолу жана 6,2 чакырым болгон Баткен районунун Миң-Өрүк айылына кеткен жол курулуп, асфальт төшөлдү. Жалпы узундугу 22 чакырым болгон жол үчүн республикалык бюджеттен 190 млн сом каралган», — деп айтылат маалыматта.

Бул жолдун пайдаланууга берилиши менен Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Кара-Бак айыл аймактарынын, Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын тургундары үчүн жол 8 чакырымга кыскарат. Ошондой эле Баткен шаарына кирбей, шаарды айланып өтүүгө болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Баткен жол

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>