Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Кант шаарында көмүрдүн тоннасы 6,2 миң сомдон сатылууда
23.11.2023 | 20:49
Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери көмүрдүн баасына күн сайын мониторинг жүргүзүп, аны саткандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Аймактык бөлүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө баа берүү үчүн Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчиси Гүлшат Асылбаева Чүй облусуна иш сапары менен барды.
Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Кант шаарындагы көмүр базаларында мониторинг жүргүзүштү. “Шабыркүл” көмүрүнүн тоннасы 6,2 миң сомдон сатылууда. Учурда көмүр тартыштыгы жок, баалар туруктуу.
Мониторингдин жүрүшүндө бааны көрүнө турган жерге коюу керектиги тууралуу эскертүүлөр айтылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар