Кыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү
2026-жылдын алгачкы үч айында Кыргызстандын айыл чарбасынын дүң продукциясы 47,9 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,8%га көбөйдү. Бул көрсөткүчтөр айыл чарба министри Эрлист Акунбеков өткөргөн кеңешмеде маалымдалды.
Тармактын негизин мурдагыдай эле мал чарбасы түзөт — анын жалпы көлөмдөгү үлүшү 98%га жетти. Өсүмдүк өстүрүүгө (дыйканчылыкка) 1,5%, айыл чарбасындагы кызмат көрсөтүүлөргө — 0,3%, ал эми балык чарбасына — 0,2% туура келди.
Малдын башы өсүүсүн улантууда: бодо малдын саны 1,8 млн башка (+1,7%), кой-эчки — 6,3 млн (+0,8%), жылкы — 565,9 миң башка (+2,3%) жетти. Эң байкаларлык өсүштү канаттуулар чарбасы көрсөттү — үй канаттууларынын саны 11,9%га көбөйүп, 8,5 млн башка жетти.
Бир чейрек ичинде негизги азыктарды өндүрүүнүн көлөмү: эт — 100,3 миң тонна (+2%), сүт — 298,9 миң тонна (+2,5%), жумуртка — 201,9 млн даана (+24,6%). Бир уйдан саалган сүттүн орточо көлөмү 368 килограммды түзсө, тооктордун өндүрүмдүүлүгү ар бир башка 50 жумурткадан айланды, бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 22%га жогору.