Кыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Кыргызстанда 2026-жылдын 1-апрелинен тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы орто эсеп менен эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн баракчасында билдирди.
Ал белгилегендей, буга чейин Кыргызстанда айлык акынын аздыгынан дарыгерлер, мугалимдер, маданият жана спорт кызматкерлери кесибинен кетип калышкан, бирок акыркы беш жылда бул тармактарда айлыктарды жогорулатуу, шарттарды түзүү жана тартипке келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү.
Алсак, 2026-жылдын 1-апрелинен тарта социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы орто эсеп менен 100%га өстү. Мындан тышкары, 15 миң сом өлчөмүндө президенттик компенсациялык төлөм киргизилди.
Орунбеков белгилегендей, шаарда иштеген стажы жок жаш педагог мурда 14 миң сомго жакын алса, эми анын айлыгы болжол менен 39 миң сомду түзөт. Анын ичинен салыктык чегерүүлөрдөн кийин колуна 32 миң сомго жакыны тийет.
Бийик тоолуу аймакта иштеген, 30 жылдан ашык стажы бар тажрыйбалуу мугалим мурда 65 миң сомго жакын алса, эми анын айлыгы болжол менен 104 миң сом болот. Анын ичинен колуна 90 миң сомго жакыны тийет.
Шаардагы ишин жаңы баштаган дарыгердин айлыгы 17 миңден болжол менен 42 миң сомго чейин өстү. Ал эми тоолуу аймактагы 30 жылдан ашык стажы бар тажрыйбалуу дарыгер эми 91 миң сомдун тегерегинде алат, анын ичинен колуна 75 миң сомго жакыны тийет.
Жалпысынан алганда, мугалимдердин айлыгы орто эсеп менен 35 миңден 100 миң сомго чейин, ал эми дарыгерлердики — 40 миңден 90 миң сомго чейин жана андан жогору болот. Бул жогорулатуу социалдык тармактын 300 миңге жакын кызматкерин камтыйт.