Ош облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө

24.04.2026 | 17:31

Кыргызстандын Ош облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документ эки аймактын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүүгө, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга жана мекемелер аралык кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган.

24-апрелде президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Мирлан Орозбаев Шаньдун провинциясынын Тышкы иштер канцеляриясынын башчысы Чэнь Байвэй жетектеген делегация менен жолугушту.

Жолугушууда соода-экономикалык, инвестициялык жана гуманитардык байланыштарды кеңейтүү маселелери каралды. Мирлан Орозбаев облустун айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, тоо-кен тармагы жана туризм багыттарындагы мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп, инвестицияларды тартууга жана долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын билдирди.

Кытай тарап Шаньдун провинциясынын ишканалары Кыргызстан менен кызматташууга, анын ичинде чакан жана орто бизнести индустриализациялоо программасынын алкагында иштешүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Scroll to Top