Чүй облусунда ашаламандык болот деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу облустук милиция билдирүү таратты.
Анда айтылгандай, учурду Чүй облусунун ички иштер органынын кызматкерлери, анын ичинен Аламүдүн районунун Кой-Таш айылынын аймагында Беш-Күңгөй милиция бөлүмүнүн кызматкерлери штаттык тартипте иштеп жатканы айтылат.