Кыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды21-октябрдан тарта Бишкектин «Ак-Жар» конушунан № 31 автобус каттай баштайтСузакта курулушу токтоп калган мектеп, бала-бакчаларды куруу иштери кайра жандандыОш шаарында дээрлик 70 гектар жерге агро өнөр жай комплекси курулат
Оштон Ысык-Көлгө алгачкы авиакаттамы ачылды
28.06.2019 | 13:07
Бүгүн, 28-июнда Ысык-Көлдөгү Эл аралык “Тамчы” аэропортуна Ош шаарынан келген алгачкы авиакаттамдын учагы конду. Каттамда 88 жүргүнчү келди. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун маалымат кызматы билдирди.
“Тез Жет” авиакомпаниясынын RG-85 учагы Ош-Тамчы багыты боюнча 88 жүргүнчүнү алып келип, Тамчы-Ош багыты боюнча 50 жүргүнчү учуп кетти. Каттам жумасына 4 жолу жүрөт. Тактап айтканда, дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү келип-кетип турат.
Рубрики: Жаңылыктар