Ашууларда кар. Төө-Ашуу менен Ала-Белде убактылуу чектөө киргизилип, Өтмөк ашуусу жабылдыБүгүн, 29-октябрда, өлкө боюнча жаан жаайтЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо үчүн 3,3 млн евро бөлдүVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үчүн параддык кийимдин үлгүсүнө сынак жарыяландыБШК Атазовду Жогорку Кеңешке талапкер катары каттоодон баш тарттыЭми бажы төлөмдөрүн QR-код аркылуу жүргүзүүгө болот
Ташиев эртеңге чейин өлкөдөгү бардык сойкуканаларды жоймокчу
30.11.2023 | 15:42
1-декабрдан тарта өлкөдө бир дагы интим кызмат көрсөткөн түйүн болбойт. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Балыкчы шаардык башкармалыгынын жаңы имаратынын ачылыш аземинде билдирди.
Ал сойкукана жана интим кызмат көрсөткөн оюн-зоок жайлары, мончо комплекстери менен күрөшүүнү жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана күч түзүмдөрүнө жүктөдү.
“Эртеңден, 1-декабрдан баштап, Кыргызстандын аймагында бир дагы интим кызмат көрсөткөн түйүн болбойт. Кайсыл аймакта табылса, ошол жердин жергиликтүү бийлик башчылары, күч түзүмдөрүнүн башчылары эртең дароо кызматтан алынат!”, – деди Камчыбек Ташиев.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом