Соцфонд: Кыргызстанда 400 киши 50 миң сомдон көп пенсия алат

Соцфонд: Кыргызстанда 400 киши 50 миң сомдон көп пенсия алат

Кыргызстанда эң аз пенсия 1,8 миң сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 30-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Жыйында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Алиевден Кыргызстанда эң аз жана эң көп пенсия канча сомду түзөрүн сурады.

Алиев эң көп пенсия канча сом экенин айтпай, болгону 50 миң сомдон көп пенсия алган 400 адам бар экенин билдирди.

«Бизде маалымат 50 миң сомдон өйдө деп чыгат. 50 миң сомдон өйдө пенсияны 400 киши алат. Эң аз пенсияны эмгек стажы аз болуп калгандар алат. Алардын саны 7 миңди 600дү түзөт. Эң аз пенсия 1,8 миң сомду түзөт», — деди ал.

Андан кийин Жусупбек Коргонбай уулу Алиевден Кыргызстанда жашоо минимуму канча сом экенин сурады.

«Пенсионердин жашоо минимуму 2022-жылдын жыйынтыгы менен 6 миң 800 сомду түзгөн»,  -деди Алиев.

Депутат «1 миң 800 сом пенсия алгандар кантип жашайт, мамлекет кошумча акча береби?» деген суроо узатты.

«Социалдык фонд камсыздандыруу принцибин сактайт. Жарандар Соцфондго акча которушу үчүн эмгек стажын, төлөгөн акчасын эске алабыз. Биз Коргоо министрлиги же камсыздандыруу министрлиги эмеспиз да. Биз ошону элге түшүндүрүп эле жатабыз. Эмгек стажы, төлөгөн акчасы аз болсо, пенсиясы да аз болуп калып жатат», — деди ал.

Жусупбек Коргонбай уулу 1,8 миң сом пенсия алгандарга мамлекет кошумча акча бере тургандай жолдорду ойлоп табышы керектигин айтты. Ал пенсионер кеминде жашоо минимуму менен тең пенсия алышы зарыл экенин билдирди.

Эскерте кетсек, 2022-жылын октябрь айында Социалдык фонддун Коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иш алып баруу башкармалыгынын башчысы Жеңишбек Мукамбетов Кыргызстандагы эң көп пенсия 179 миң сомдун тегерегинде экенин билдирген. Бирок 2022-жылы 1-октябрда пенсия көтөрүлгөндөн кийин алардын пенсиясы да жогорулаганын кошумчалаган.

Канча киши 2 миң сомдой жана канча адам 30 миңден ашык пенсия алары белгилүү болду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>