Асылбек Жээнбековдун мурдагы жардамчысы алдамчылык иши боюнча соттолду

Асылбек Жээнбековдун мурдагы жардамчысы алдамчылык иши боюнча соттолду

Садык уулу Рафаэль Элибай тегинге алдамчылык иши боюнча Жогорку соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу аталган соттун сайтында айтылат.

Соттун токтомунда жазылгандай, ал алдамчылык менен байланышкан 12 эпизод боюнча айыпталган. Алдамчылык фактыларынын бири 2016-жылы жана калгандары 2021-жылы болгон.

Ал алданган адамдарга жалпы 5 млн 616 миң сом зыян келтирген: 500 миң сом; 423,5 миң сом; 1 млн 694,2 миң сом; 142 миң сом; 12 миң сом; 877,3 миң сом; 847 миң сом; 211,7 миң сом; 423,6 миң сом; 195 миң сом; 186,7 миң сом жана 103 миң сом. Ал акчаларды өз керектөөлөрүнө жумшап салган.

Токтомдо айтылгандай, Садык уулу Рафаэль Элибай тегин кургатылган жемиштерди сатуу (Бириккен Араб Эмираттарына экспорттоо), телефон сатып иштеген адамдарга Бириккен Араб Эмираттарынан телефон алып келип берүү сыяктуу шылтоолор менен акча, 1 ирет унаа алып, алдап кеткен. Ошондой эле бир жарандан сатып алам деген шарт менен унааны ижарага алып, акчасынын жарымына жакынын берген. Бирок ал унааны «өзүмдүкү» деп башка адамга эки автоунаага алмаштырып алган.

Натыйжада аталган фактылар боюнча козголгон иш сотко өтүп, Бишкектин Биринчи май райондук соту 2022-жылы 8-апрелде Садык уулу Рафаэль Элчибай тегинди жалпы 10 жылга эркинен ажыраткан. Анын жаза мөөнөтү 2021-жылдын 26-ноябрынан тарта эсептелген. Ошондой эле ал алдамчылык жол менен ээ болгон акчаларды кайтарууга милдеттендирилген.

Кийинчерээк бул иш Бишкек шаардык сотунда каралып, жабырлануучулардын бири (Ж.А. уулу) айыптоодон баш тарткандыктан, райондук соттун өкүмүнө өзгөртүүлөр киргизилген. Тактап айтканда алдамчылык беренеси боюнча 1 эпизод алынып салынып, Садык уулу Рафаэлге 6 жыл 6 айлык жаза мөөнөтү белгиленген. Шаардык соттун өкүмү 2023-жылы 29-майда чыккан.

Андан соң жактоочулар Жогорку сотко кассациялык арыз менен кайрылып, Садык уулу Рафаэлге пробация колдонуп, эркиндикке чыгарууна суранган.

Жогорку сот иштин материалдарын карап чыгып, шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтырып, өтүнүчтү канааттандырган эмес. Шаардык соттун 31 жаштагы Садык уулу Рафаэлди 6 жыл 6 айга эркинен ажыратуу тууралуу өкүмү күчүндө калган. Токтом акыркы болуп саналат жана өзгөртүүгө жатпайт. Өкүм 2023-жылы 6-сентябрда чыккан.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка ылайык, Садык уулу Рафаэль Элибай тегин Асылбек Жээнбеков депутат болуп турганда анын коомдук жардамчысы болгон. Садык уулу Рафаэль аталган кызматтан 2018-жылы 28-апрелде бошотулган. Садык уулу Рафаэль Элибай тегин канча убакыт Жээнбековдун коомдук жардамчысы болгону тууралуу маалыматты парламенттен тактоого мүмкүн болгон жок. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, Садык уулу Рафаэль тууралуу маалыматтар 2020-жылы октябрдагы окуя учурунда компьютер, документтер менен кошо жок болгон.

 

Ошондой эле Садык уулу Рафаэль Элибай тегин Юстиция министрлигинде дүн соода менен алектенген компаниянын директору катары көрсөтүлгөн. Компания 2016-жылы түптөлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>