“Көчмөн модасы фестивалы. МУУН 2025” 30-31 октябрда өтөтТокмокто технохаб курулат: Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен Central Asia Capital меморандумга кол койду«Телеграм» аркылуу ИГИЛ уюмуна тартылган кыргызстандык жаран кармалдыКыргызстанда 73 жаштагы бейтаптын жүрөгүнө уникалдуу операция жасалдыБишкекте Опера жана балет театрында өткөн пилатес сабагы коомдо нааразычылык жараттыЧүй облусунун 100дөн ашык окуучусу «Евразия» паркына барды
ККМге каршы «Дордой Моторс» базары митингге чыкты
04.12.2023 | 11:28
Бүгүн Бишкектеги «Дордой Моторс» базары митингге чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге соода жайдын ишкерлери кабарлашты.
Алардын маалыматында, ишкерлер башка базарлар менен бирге контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршылыгын билдиришти.
“Биз “Акүй” тарапка баралы дегенбиз. Жолду бууп, токтотушту. Аким жана Мамлекеттик салык кызматынан келип, 6 кишини акимиатка сүйлөшүүгө алып кетишти. Биз күтүп олтурабыз”, – деди соодагерлер.
«Дордой Моторс» бүгүн иштебейт.
Белгилей кетсек, өткөн жумадан бери Бишкекте жана аймактарда митингдер өтүп жатат. Соодагерлер патент системасын калтырууну жана контролдук-кассалык аппараттарды коюга каршы чыгып жатышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз