11-октябрь: Кыргызстанда жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз +28° чейин жылуу болотЧүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот Ибрагимов
Араванда эгиз кыздарын сабаган аялды энелик укуктан ажыратуу сунушталды
04.12.2023 | 11:37
Прокуратура Араванда эгиз кыздарын сабаган аялды энелик укуктарынан ажыратуу боюнча сотко доо арыз жөнөттү. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органынан билдирди.
Эскерте кетсек, буга чейин соцтармактарга аял киши 2 кичинекей баласын сабап жатканы тартылган видео тараган. Кийин бул окуя боюнча 21 жаштагы С.Д. аттуу келин кармалды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (уруп-сабап кыйноо) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынган.
Кийин эгиз кыздар өз атасына өткөрүлүп берилгени кабарланган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом