Ташиев: Жалал-Абад өлкөдөгү эң үлгүлүү шаарга айланат (видео)

Ташиев: Жалал-Абад өлкөдөгү эң үлгүлүү шаарга айланат (видео)

Жалал-Абадда эл аралык аэропорт курулат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Көк-Жаңгактагы маданият үйүнүн ачылышында сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, аба майдан Көк-Арт өрөөнүндө жайгашып, курулушу 2024-жылы башталат.

Камчыбек Ташиев Жалал-Абадды өлкөдөгү эң үлгүлүү шаарга айлантууну убадалады.

“Шаардагы түрмө бузулуп, анын ордуна обладминистрациянын жана мэриянын жаңы имаратын курабыз. Андан тышкары чоң иш-чараларды өткөрө турган аянт жана парктарды түзөбүз. Мына президент келгенде эл менен жолугуша турган жер жок болуп жатат. Ички жолдордун калгандарын эмки жылы оңдойбуз”, — деди ал.

УКМКнын төрагасы облустун борбору эки жыл ичинде гүлдөп, кооз шаарга айланарын белгиледи.

Аймакта олимпиадалык резервдеги республикалык коллеж дагы ачылат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>