Кыргызстанда автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга жылдырылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Эске салсак, ОСАГО полиси жокторго 2024-жылдын 1-январынан тарта айып пул салынмак.
Өлкөдө машинелерди камсыздандыруу эрежесин киргизүү аракети бир нече жылдан бери көрүлүп, бирок ишке ашпай келет.
Ал эми Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүктөр жана чет элдик ишканалар үчүн полис алуу ушул жылдын апрелинен баштап милдетүү болгон.