Парламентте биологиялык коопсуздук маселеси талкууланды

Парламентте биологиялык коопсуздук маселеси талкууланды

Бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Климаттын өзгөрүшүнүн шартында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңешинин жыйыны өтүп, анда биологиялык коопсуздук жөнүндө мыйзам долбоору талкууланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кеңештин жыйынына  маселеге тийиштүү министрликтердин, ФАОнун өкүлдөрү  жана эколог-эксперттер катышты.

Биологиялык коопсуздук боюнча мыйзам долбоорунун демилгечиси Динара Ашимова климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында  коркунучтар пайда болуп жаткандыктан, эл аралык милдеттемелерди аткаруу максатында жана укуктук боштуктарды  толтуруу үчүн долбоор иштелип чыкканын билдирди.

Депутат Ашимова чет мамлекеттен кирип жаткан азык-түлүк продукцияларынын курамында ГМОнун өлчөмү кантип текшерилет деген суроо койду.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкндей,,  алар рыноктогу бардык тамак-ашты текшере албайт. Дагы бир себеби чек арада Кыргызстан тараптан фито-санитардык көзөмөлдөө алынган дешет адистер. Мындан улам депутат импорттук продукцияны тескөө так белгиленген эмес деген жыйынтыкка келди. Аны менен катар өлкө ичинде өндүрүлүп жаткан продукцияларда да көйгөйлөр бар экени айтылды.

«Мал чарбасында, мөмө-жемиш өндүрүүдө  химиялык заттарды  чен-өлчөмсүз жана көзөмөлсүз  колдонуу менен келечек муундун генофондуна өтө чоң сокку урулуп жатат. Алардын келечегине жоопкерсиздик мамиле кылып жатабыз. Учурунда ойлонбой, Бишкекке да чоң ышты алып келип алдык. Эми азыр ишти колго алуу керек»,- деди Динара Ашимова.

Депутат билогиялык коопсуздук багытындагы мыйзам долбоору боюнча кеңеште айтылган сунуштар-пикирлердин баары камтыларын билдирип,  мыйзам долбоорлорун пакети менен даярдап кабыл алуу зарылдыгын кошумчалады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>