Жергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачатДэн Сяопин проспектисинин дагы бир түштүк тилкеси оңдоого жабылатУлуттук банк: «Оптима Банк» аркылуу эң көп алдамчылык операциялары жасалганМына алар, солдон оңго карай: Маданият министри кыргыз рэперлери менен жолугуштуАкысыз медициналык кызмат көрсөтөт: Араванда мобилдик мульти-диагностикалык комплекс ишин баштады
Казакстанда Кордай ашуусу жабылды
22.12.2023 | 19:05
Казакстанда 22-декабрда саат 13:00гө карата аба ырайынын начарлашына байланыштуу республикалык маанидеги унаа жолдордун эки тилкесинде кыймылга чектөө киргизилгенин «КазАвтоЖол» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Жамбыл облусунда Алматы-Ташкент-Термез унаа жолунун 159-чакырымынан 238-чакырымына чейин Кенен айылынан Кайнар айылына (жаңы Кордай ашуусу) чектөө киргизилди.
Автоунаалардын кыймылы эски Кордай ашуусу менен жүргүзүлөт. Жетисуу районунда Ушарал-Достук автожолунун 84-чакырымынан 184-чакырымына чейин, Көктума станциясынан Достык станциясына чейинки тилкеде кыймыл чектелет.
Белгиленгендей, чектөө унаалардын бардык түрүнө тиешелүү. Ошондой эле республикалык маанидеги жолдордо 718 техника колдонулуп жатканы айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар