Президент тууну өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент тууну өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамына кол койду, деп билдирди президенттин маалымат кызматы.

Аталган мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 20-декабрда кабыл алынган.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкы символдорунун бирин – тууну жакшыртуу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзам менен Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасы түз болуп өзгөртүлгөн.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамда мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн расмий документтердин бардык түрлөрү алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулат, ал эми автотранспорт каражаттарынын номердик белгилери жана мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аларды алмаштыруу жөнүндө чечим кабыл алганга чейин колдонулат деп каралган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР
Тэги: мыйзам туу

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>