Эльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдөКыргызстанда ичүүчү суу жана канализация боюнча жаңы мыйзам долбоору иштелип чыктыАта-энесинин камкордугусуз калган эки наристе Екатеринбургдан Кыргызстанга кайтарылдыМАГАТЭ: Иранда ядролук бомба жасалгандыгы тууралуу далилдер жок, бирок уранды байытуунун деңгээли кооптонууну жаратуудаЕАЭБ соту Кыргызстандын суроо-талабы боюнча мигранттардын үй-бүлөлөрү үчүн медициналык камсыздандыруу эрежелерин түшүндүрдү
Бүгүн Дубайда Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары беттешет
25.12.2023 | 09:04
Бүгүн Дубайда Кыргызстан менен Өзбекстандын курама командалары контролдук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги билдирди.
Оюн машыгуулар алкагында өтүп, анда футболчуларды алмаштыруу мүмкүнчүлүгү чектелбейт.
Эки команда тең 2023-жылкы Азия Кубогуна даярданып жаткандыктан, беттеш түз эфирсиз жана көрүүчүлөр жок жабык форматта орун алат.
Азия кубогу 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин Катарда болуп өтөт. Кыргызстан бул мелдеште Таиланд, Сауд Арабия жана Оман курамаралары менен бир тайпада жайгашкан.
Азия кубогунун алкагындагы биринчи беттеш 16-январда Таиланд менен болуп өтөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом