Кыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурлар
Президенттин администрациясында кадрдык өзгөрүү болду
25.12.2023 | 23:13
Муканбетов Санжар Турдукожоевич президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин башка буйругуна ылайык, Сагынбаев Канат Латипжанович президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн башчысы – президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматынан бошотулду.
Рубрики: Жаңылыктар