Көчмөндөр оюнунун ачылышы жана ШКУ саммити борбордук аянтта түз эфирде көрсөтүлөтГүлдөгөн лотостор борбор калаанын Элебесов көчөсүндөгү көлмөсүнүн көркүн ачтыУкраинанын Кыргызстандагы элчиси кызматтан алындыМуратбек Азымбакиев Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү болуп дайындалдыДарыгерлер бейтааныш сууларда сууга чумкуу эмне үчүн кооптуу экенин эскертиштиЖаан жаайт: 4-августка карата аба ырайы
Жакында Бишкекте күрөш боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт
26.12.2023 | 09:02
Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда 8-11-январда эркин жана грек-рим күрөшү боюнча өлкө чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан билдиришти.
8-9-январда эркин күрөш, ал эми 10-11-январда грек-рим күрөшү боюнча балбандар таймашка чыгат.
Мелдештин жадыбалы (эркин күрөш):
8-январь – 57, 65, 74, 86, 97 кг;
9-январь – 61, 70, 79, 92, 125 кг;
Греко-рим күрөшү:
10-январь – 55, 63, 72, 82, 97 кг;
11-январь – 60, 67, 77, 87, 130 кг.
Таймаштар саат 11:00до башталат.