Кыргызстандык балбандар Орусиядагы турнирде 7 медаль утушту
Бишкек шаарындагы Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эмгек сиңирген машыктыруучу Анатолий Тарасовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Мелдештин жыйынтыгында спортчулар 7 медалга ээ болушту:
– 63 кг салмакта Сабит Шамшединов – алтын медаль;
– Рустам Садыков 130 кг салмакта – алтын;
– 55 кг салмакта Смадияр Жумакадыров – күмүш;
– 97 кг салмакта Нарту Абдурахманов – күмүш;
– 67 кг салмакта Чолпонбек уулу Сыймык – коло;
– 67 кг салмакта Динмухамед Бегелдиев – коло;
– 72 кг салмакта Сүймөнкул Икрамов – коло.
Белгилей кетсек, турнир 2023-жылдын 21-декабрынан 23-декабрына чейин Нижний Тагил шаарында (Россия Федерациясы) өткөн.
[image_carousel source=”media: 203584,203585,203586″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]