Кыргызстандык балбандар Орусиядагы турнирде 7 медаль утушту

Кыргызстандык балбандар Орусиядагы турнирде 7 медаль утушту

Бишкек шаарындагы Р.Санатбаев атындагы олимпиадалык резервдеги адистештирилген балдар-өспүрүмдөр мектебинин тарбиялануучулары эмгек сиңирген машыктыруучу Анатолий Тарасовдун жаркын элесине арналган грек-рим күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мелдештин жыйынтыгында спортчулар 7 медалга ээ болушту:

— 63 кг салмакта Сабит Шамшединов – алтын медаль;

— Рустам Садыков 130 кг салмакта — алтын;

— 55 кг салмакта Смадияр Жумакадыров — күмүш;

— 97 кг салмакта Нарту Абдурахманов — күмүш;

— 67 кг салмакта Чолпонбек уулу Сыймык — коло;

— 67 кг салмакта Динмухамед Бегелдиев — коло;

— 72 кг салмакта Сүймөнкул Икрамов — коло.

Белгилей кетсек, турнир 2023-жылдын 21-декабрынан 23-декабрына чейин Нижний Тагил шаарында (Россия Федерациясы) өткөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>