Бишкекте спорттук медицинаны жакшыртуу маселеси талкууланды

Бишкекте спорттук медицинаны жакшыртуу маселеси талкууланды

Бүгүн, 26-декабрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов менен бирге Спорттук-реабилитациялык борборго барып, борбордун эмгек жамааты, спортчулар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Акжол Махмудов жана алардын машыктыруучулары менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушууда Кыргызстанда спорттук медицина кызматын жакшыртуу боюнча көйгөйлөр жана аракеттер талкууланды.

Министр белгилегендей, учурда иштеп жаткан Спорттук-реабилитациялык борбордун ордуна же ага кошумча катары маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаментинин алдында «Кыргыз спорттук-ден соолукту чыңдоо медицинасынын борбору» мамлекеттик ишканасын түзүү маселеси көтөрүлүп жатат. Кеп чоң спорт жана 2500 спортчуну тейлөө үчүн ишкана түзүү боюнча жүрүп жатат, анын штаттык бирдиги 26 кызматкерди камтыйт, ал эми Спорттук-реабилитациялык борбордун базасында 24 миң спортчу жана дене тарбия жана спорт менен алектенген адамдар каттоосунда турат — булар Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы спорттун ар кандай түрлөрү боюнча балдар жана өспүрүмдөр спорт мектептери, Чуркоо клубу, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, сергек жашоого үндөгөн борбор калаанын тургундары.

Бүгүнкү күндө борбордо 146 медицина кызматкери иштейт.

«СРБ Саламаттык сактоо министрлигинин спорттук медицина жана дарылоочу дене-тарбия боюнча жалгыз адистештирилген мекемеси болуп саналат жана аны сактап калуу гана эмес, өнүктүрүү керек. Спорт департаментинин алдында Чоң спорт ишканасын түзүүдөн жана коммерциялык ишмердүүлүктү өнүктүрүүдөн мурда көйгөйдү кылдат изилдеп чыгып, ийгиликтүү иштеп жаткан уюмду жоюуну талап кылбай, реалдуулукту өзгөртүү үчүн жаңы идеяларды жана чечимдерди табуу керек”, — деди Алымкадыр Бейшеналиев.

СРБнын материалдык-техникалык базасы чындап эле начар, бирок кырдаалды жакшыртуу үчүн бардык чаралар көрүлүүдө: 2023-2024-жылдарга керектүү медициналык жабдууларды сатып алуунун сметалык планы түзүлгөн. Өткөн 2022-жылы эхокардиограф, санариптик аудиометр, УЗИ аппараты алынып, рентген кабинети жана травматология бөлүмү жаңыланып, жабдылган.

Азиянын беш жолку чемпиону, дүйнөнүн үч жолку чемпиону, Дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси, КРнын эмгек сиңирген спорт чебери Айсулуу Тыныбекова дагы азыркы иштеп жаткан спорттук реабилитациялык борборду жоюунун туура эместигине токтолду.

«Азыр биз бул борборду жоюу маселеси чыгып жатканына күбө болдук, бул биз үчүн күтүүсүз болду. Анткени бул Кыргызстанда жалгыз гана Улуттук курама команданын спортчулары эмес, дене тарбия жана спорт менен алектенген балдар жана бардык мектеп окуучулары медициналык кароодон өткөн жалгыз борбор. Балдар биздин келечегибиз! Алар биздей чемпион болууга умтулушат, ошондуктан бул борбор аларга керек. Эгерде алар спортчуларды даярдоо үчүн жаңы клиника же борбор курабыз десе, бул башка маселе, бирок азыркы спорттук-реабилитациялык борборду жоюу маселеси болбошу керек. Борборду сактап калуу жана тескерисинче колдоо керек. Мен 14 жылдан ашык убакыттан бери бул борбордун адистерине кайрылып келем, бул жерде Бактыгүл Насыровна Алиева сыяктуу өз тармагынын кесипкөйлөрү иштешет», — деп белгиледи Айсулуу Тыныбекова.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>