Кыргызстанда аэропорттон президенттин администрациясына чейин өзүнчө атайын жол куруу пландалуудаСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен куттуктадыКыргызстанда айыл чарбасын каттоо башталды: маалыматтарды чогултуу 10-апрелге чейин уланат21-мартка карата аба ырайыИшеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскертти
Дин иштери боюнча комиссия мечиттер эмнеге жабылып жатканын түшүндүрдү
29.12.2023 | 14:51
Кыргызстанда мечиттер убактылуу гана ишин токтотууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров билдирди.
Анын айтымында, диний мекемелер кайра каттоодон өтүп, уруксат кагаздары жоктордун иши токтотулууда.
“Бул 22 жылдан бери топтолгон маселелер. Биз бир дагы мечитти жапкан жокпуз. Мисалы, Ошто беши жабылса, төртөө азыр кайра ачылды. Биз аларга кагаздарын тез иреттеп, керектүү документтерди алууга жардамдашып жатабыз”, – дейт Тойгонбай Абдыкаров.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом