Бишкектеги Ала-Арча жана Аламүдүн дарыялары муздан тазаланууда

Бишкектеги Ала-Арча жана Аламүдүн дарыялары муздан тазаланууда

Бишкектеги Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугундагы муздарды сындырып, тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Белгилүү болгондой, аталган иштер «Бишкек суу чарба» ишканасы тарабынан аткарылууда.

Мэрия жарандарды Ала-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын нугуна таштанды ыргытпоону суранат.

Эскерте кетсек, 15-декабрда Ала-Арча суусунун нугунда тоңгон муз тазаланбагандыктан шыргалаң суу жээктен чыгып, көчөрлөрдү каптаган.

Ала-Арча каналы ашып, Бишкектин көчөлөрүн суу каптады (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>