Нарында облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун жаңы имараты ачылдыБишкектин айрым көчөлөрүндө 14–16-октябрда газ өчүрүлөтОрусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда
Чүйдө 6 жаштагы бала кыялын орундатуу үчүн “102” кызматына чалган (видео)
29.12.2023 | 13:19
Милиция кызматкерлери Чүй облусунун жаш тургунунун кыялын орундатышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине билдиришти.
ИИМден белгилешкендей, 6 жаштагы Темирлан аттуу бала милициянын “102” кызматына телефон чалып, өзүнүн туулган күнүнө карата жашыл түстөгү оюнчук трактор жана милициянын унаасына түшүрүүнү суранган.
Милиция жеткинчектин каалоосун аткарып, ал сураган белекти алып, милициянын унаасын түшүргөн.
“Милиция кызматкерлери Темирланга белек сатып алып, баланын дарегине барышты. Тартип сакчылары жаш тургунга салтанаттуу түрдө белек тапшырып, милициянын унаасы менен сейилдөөгө алып барышты. Темирлан жана анын апасына күтүүсүз болуп, абдан сүйүнүп турушту”, – деп билдиришти министрликтен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом