Ветеринардык кызматтын «Ак-Тилек» чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Россия Федерациясынан Кыргызстандын аймагына 15 681 кг өлчөмүндө йогурт азыктары мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк «Ак-Тилек» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз