Тибеттеги сел кырсыгына байланыштууу Садыр Жапаров Си Цзиньпинге көңүл айттыКемин шаарында Жибек-Жолу көчөсүн көрктөндүрүү иштери башталды«Кулун-Ата» коругунда илбирс менен күрөң аюу фотокапкандарга түшүп калдыКРдин эл артисти, балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирди
Ысык-Көлдөгү үч шаар кеңейет
03.01.2024 | 09:41
Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Аймактык реформаны Ысык-Көл облусунда дагы жүргүзүү пландалууда. Тагыраагы, Чолпон-Ата, Каракол жана Балыкчы шаарлары кеңейтилет.
Жарлыкка ылайык, аталган шаарларга төмөнкү айыл аймактары кошулмакчы:
- Чолпон-Ата шаарынын курамына Бостери айыл аймагы;
- Каракол шаарына Челпек айыл аймагы;
- Балыкчы шаарына Көк-Мойнок айыл аймагы.
“1-апрелге чейин жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн сунуштарын жактырып, реформа жүргүзүү тапшырылды“, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар