Араван районунда аңчылык жана балык уулоо эрежелерин бузган 4 адамга айып пул салындыЖКда балдардын Roblox оюнуна жеткиликтүүлүгүн чектөө сунушталдыТурак жай жана компенсациялар: КРда кооптуу аймактардан көчүрүүнүн жаңы тартиби сунушталуудаДүйнөдө 2 миллиарддан ашык адамдын көрүүсү начарлаган — ДСУнун маалыматы жана сунуштарыКыргызстанда газ үчүн төлөмдү кайсы күнгө чейин төлөө керектиги эскертилдиКыргызстанда мунай продуктуларын экспорттоого тыюу салуу шарттары өзгөртүлдү
Россиядан ташылып келаткан 15,6 тонна йогурт артка кайтарылды
03.01.2024 | 10:46
Ветеринардык кызматтын “Ак-Тилек” чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан Россия Федерациясынан Кыргызстандын аймагына 15 681 кг өлчөмүндө йогурт азыктары мыйзамсыз жол менен ташылып келе жаткандыгы аныкталган. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.
Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Россияга артка кайтарылды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар