Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Ала-Арча капчыгайында калган орусиялык альпинист куткарылды
12.01.2024 | 20:16
Бишкектин четиндеги Ала-Арча капчыгайындагы “Хижина Рацека” альпинисттердин лагеринде бутунан жаракат алган орусиялык альпинист куткарылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-январда ӨКМге туристтик компаниядан чалуу түшүп, анда Ак-Сай капчыгайындагы “Хижина Рацека” жайында орусиялык Е.Ефремова аттуу альпинист бутунан жаракат алганын билдирген.
Жерине ӨКМдин Авиациялык издеп-куткаруу кызматынын тик учагы саат 13:30да учуп, катуу шамалга карабай, “Рацека” мөңгөсүнөн ары 3800 метр бийиктикке конуп, жабырлануучуну куткарылган.
Турист тез жардам кызматына өткөрүлүп берилди. Учурда абалы канааттандырарлык.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар