Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн барды

Депутат Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн барды

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев УКМКга сурак берүү үчүн келди. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

УКМК 10-январда Жогорку Кеңеш Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн депутат Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга макул болгонун билдирди.

Эмил Жамгырчиев 9-январда депутаттар мындай чечим кабыл алганга чейин тергөө амалдарына катышуудан качып, белгисиз себептерден улам жашырынып жүргөн.

2024-жылдын 10-январында парламенттин жыйынында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгын талкуулоо учурунда депутат өз каалоосу менен тергөө органдарына келсе кармалбай турганын билдирген.

12-январда УКМК спикерге жана «Альянс» парламенттик фракциясынын лидерине депутат Жамгырчиевдин тергөө амалдарына катышуусун камсыздоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылуу жолдогон жана аны кармоо боюнча маселе каралбаганы айтылган.

«Ошол эле күнү Э.Жамгырчиев УКМКга келип, ал жактоочусунун катышуусунда шектүү катары суракка алынган жана алардын катышуусунда башка тергөө аракеттери жүргүзүлүп, тергөөгө келүү милдети алынып, аны коё беришкен.

Учурда депутат Э.Жамгырчиевдин мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча тергөө иштери акыркы баскычта каралууда, жакында белгиленген тартипте аягына чыгып, маңызы боюнча кароо үчүн сотко  жөнөтүлөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Жамгырчиевдин «Ак үйдүн» экинчи кабатынан секирип качкан видеосу жарыяланды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>