БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
216 жеке клиника лицензиясыз иш алып барган
15.01.2024 | 11:31
Бишкек жана Ош шаарлары жана Чүй облусундагы жеке менчик 626 клиника текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Аман Осмонов Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 216 медициналык борбор лицензиясы жок иш алып барган.
Аларга 1,5 миллион сом өлчөмүндө айып салынды.
“Менчик клиникаларга рейддер улантылат. Эми жеке лабораторияларды дагы текшерүүнү пландап жатабыз”, – деи Аман Осмонов.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом