Үч адамдын өлүмү: Эми Ашыралиев маркум аялдын өлүмүн анын кызына шылтоодо

Үч адамдын өлүмү: Эми Ашыралиев маркум аялдын өлүмүн анын кызына шылтоодо

Бүгүн, 15-январда Бишкек шаардык сотунда Алтынай Канзаманова менен анын уул-кызын өлтүрүүгө айыпталып, өмүр бою эркинен ажыратылган Чынтемир Ашыралиевдин жактоочусунун апелляциялык арызын кароо улантылды.

Бүгүнкү процессте соттолуучу Чынтемир Ашыралиев көрсөтмө берүүсүн улантты.

Белгилей кетсек, 10-январдагы отурумда Ашыралиев окуя так эсинде жок экенин, маркум уул менен кызды ал өлтүрүшү мүмкүн эмес экенин айткан. Ошондой эле балдар апасы Алтынай Канзаманованын колунан каза тапкан болушу мүмкүн деп, күнөөнү маркум аялга оодарган.

Бүгүнкү процессте прокурор соттолуучудан “Алтынай Канзаманованы ким өлтүргөн?” деген суроо узатты.

Ашыралиев “балким мен, балким кызы” деген жооп узатты.

Андан кийин прокурор “анда кызды ким өлтүрдү?” деп, Ашыралиевдин өткөндөгү жана бүгүнкү көрсөтмөлөрү карама-каршы келип жатканын кыйытты.

Ашыралиев “ал өзү терезеден секирип кеткен” деди.

Маркум баланы ким өлтүргөн деген суроого ал “Алтынай Канзаманова” деп, күнөөнү кайра балдардын апасына шылтады.

Эскерте кетсек, 2023-жылы 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда Алтынай Канзаманова жана анын 2005-жылы туулган кызы менен 2014-жылы туулган баласы киши колдуу болгон. Бул кылмышка шектүү катары УКМКнын мурдагы кызматкери 36 жаштагы Чынтемир Ашыралиев кармалган. Ашыралиев маркум аял менен жакын мамиледе болуп, 2014-жылы ал Ашыралиевге уул төрөп берген. Ашыралиев аялды, анын кызын жана өз уулун өлтүргөн деп айыпталган. Ошол эле учурда айыпталуучунун өзүнүн үй-бүлөсү болгон.

Иш Октябрь райондук сотунда каралып, 3-ноябрда сот Ашыралиевди күнөөлүү деп таап, өмүр бою эркинен ажыраткан.

Соттук отурумда Ашыралиев маркумдардын туугандарынан жана элден кечирим сурап, бирок кылмыш жасаганын мойнуна алган эмес.

Кийинчерээк Ашыралиевдин жактоочусу Бишкек шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Үч адамдын өлүмү: Ашыралиев балдардын өлүмүн маркум аялга оодарууда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>